Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Сталиндин Берлинди бомбалоого буйрук бергени ачыкка чыкты


Сталин жана советтик жетекчилер.
Сталин жана советтик жетекчилер.

Орусиянын Коргоо министрлиги аскер-аба күчтөрүнүн күнүнө карата Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы айрым документтердин сүрөттөрүн жарыялады.

Арасында Иосиф Сталиндин Берлинди бомбалоо тууралуу кол жазма буйругу да бар. Сталин аны Георгий Маленковго айтып жаздырып, 1941-жылдын 9-августуна оогон түнү кол койгон. Буйрукка ылайык, советтик учактардын бир бөлүгү Эстониядагы аэродромдон Берлинге жете барып, бомбалоого үлгүргөн. 1941-жылдын августунун аягында чабуулдар токтогон. Ал учурда немис армиясы Таллинди алган болчу.

Орус коргоо министрлиги мындан тышкары айрым советтик учкучтарды сыйлаган документтерди жана согуш учурундагы учактар тууралуу аналитикалык документтерди ачыкка чыгарган.

XS
SM
MD
LG