Казакстанда өткөн саммиттин жыйынтыгында, 12-августта Каспий деңизинин укуктук макамы такталды. Тийиштүү документке деңиз боюндагы беш өлкөнүн: Орусия, Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Ирандын президенттери кол коюшту.
Макулдашууга 20 жылдык талаш-тартыштан кийин жетишти.
Документке ылайык, деңиз бетинин негизги бөлүгү жалпы колдонууда кала берет. Түбү менен кен-байлыктарын, анын ичинде мунай корун коңшу өлкөлөр өз ара тил табышуунун жана эл аралык укуктун негизинде бөлүп алышат.
Саммитте кабыл алынган конвенцияда аймакка тиешеси жок өлкөлөрдүн аскер күчтөрүн Каспийге жайгаштырууга тыюу салынды.