Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:10

Иранда каржы кылмыштары үчүн жаза күчөтүлөт


Тегерандагы акча алмаштыруучу жайлардын бири.
Тегерандагы акча алмаштыруучу жайлардын бири.

Иранда каржылык кылмыштарга шектүү катары 67 киши кармалганы расмий кабарланды.

- Алардын айрымдары күрөөгө бошотулду. Ал эми жүздөн ашуун адамга, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлерге, жетекчи кызматтагыларга жана жеке ишкерлерге чет өлкөгө чыгууга тыюу салынды, - деди Иран сотунун өкүлү Голамхоссейн Мохсени Эджей 12-августта мамлекеттик теле аркылуу.

Бир күн мурда эле өлкөнүн рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи каржылык кылмыштарды караш үчүн атайын сот түзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырган.

Жаңы түзүлө турган ислам революциялык соту "экономиканы ичтен иритип, бөлүп-жарып жаткандарга" болушунча катаал жаза берүүгө багытталышы керек экенин Ирандын сот тутумунун башчысы Садех Амоли Ларижани Хаменеиге жазган катында белгилеген.

Эң катаалы өлүм жазасы болушу да ыктымал. Бул кабарга "Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюму тынчсыздануусун билдирди.

Май айында АКШ өзөктүк келишимден чыгып кеткени, көп өтпөй Вашингтондун санкциялары кайра күчүнө киргени Иранда каатчылыкты күчөттү.

7-августта кайра жанданган санкцияларга ылайык Ирандын Батыш менен соодасы кескин азаят. Доллар сатылбайт. Муну утурлай ирандыктар долларды жана чет өлкө товарларын сатып алууга ашыгып, улуттук акчанын наркы кеткен. Анын айынан экономикада кыйынчылык күчөп, июлдун аягынан тартып нааразылык митингдери башталган.

XS
SM
MD
LG