Кыргызстандагы мектептердин 67% Интернет менен камсыздалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мындан сырткары, 2017-2018-жыл үчүн 250 мектепке 1300дөн ашуун компьютер сатылып алынды.
Санариптик билим берүү системасына өткөрүүнүн алкагында электрондук китепкананы жакшыртуу, башталгыч класстарга кошумча билим берүү платформасын ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. (КЕ)
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө