Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жыйынга чогулду


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтө турган жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү катышат.

Анда негизинен эки маселе каралат. Биринчиси - өлкөнү 2020-2040-жылдары туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын бекитүү, жакынкы беш жылдагы артыкчылыктуу багыттарды аныктоо. Экинчиси - шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу концепциясы талкууланат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү “Азаттыкка” кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков президент катары Улуттук кеңештин жыйынына биринчи жолу катышып жатат. Мамлекет башчы 7-августта Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамын өзгөртүү боюнча жарлыкка кол койгон. Жарлыкка ылайык, парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов улуттук кеңештин курамына кошулган.

Калган курам өзгөрүүсүз калды. Спикер, премьер-министр, Жогорку соттун төрайымы, ЖК фракция башчылары жана башка 25 кишиден турган кеңешке президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылат. Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулуу Ахметова Улуттук кеңештин катчысынын милдетин аткарат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG