Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Өзбекстан Тажикстандын түштүгүнө оорукана салат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстан Тажикстандын түштүгүндөгү Кубодиён районуна 200 орундуу заманбап медициналык комплекс салып, аны заманбап жабдуу менен камсыз кылып берет.

«Өзбекстандын өкүлдөрү районго келип, клиника салына турган жерди көрүп кетишти. Документтерди даярдоо иши аяктады. Эми жакынкы убактарда курулуш башталат», - деп билдиришти район акимчилигинин өкүлдөрү.

Бул оорукананын курулушу - Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Дүйшөмбүгө болгон сапары маалында жактырылган өзбек бийлигинин долбоорлорунун бири. Мындан тышкары өзбек тарап Тажикстандын Спитамен районунда 630 окуучуга ылайыкташкан мектеп сала турганын билдирген.

Кубодиён району Хатлон облусунун түштүгүндө жайгашкан. Ал Ооганстан жана Өзбекстан менен чектешкендиктен, аймакта өзбек диаспорасы топтолгон.

Буга чейин тажик бийлиги Самаркандга 640 орундуу мектеп куруп, аны Өзбекстандын пайдалануусуна бере турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG