“Making the Kyrgyz” - “Кыргызды куруу” деп аталган китепти Британиянын Кэмбриж университети жарыялады. Анын ачылышы 14-августта өтөт.
Эгемендиктин 25 жылдыгына арналган жыйнакта кыргыз жана англис окумуштууларынын маданият, тарых жаатындагы илимий макалалары топтолгон.
Бул китеп 2016-жылы Кэмбрижде чыккан “Кыргыз эпопеяларындагы өтмүштүн саптары жана келечектин элестери” аттуу китептин уландысы катары чыкты. (BCh)