Бишкектин мэрин шайлоого байланыштуу журналист Канышай Мамыркулованын арызын кабыл алуудан Биринчи май райондук соту баш тартты. Бул тууралуу журналист өзү кабарлады. Анын айтымында, аталган райондук соттун судьясы Алмаз Калдыбаев быйыл 1-июлда күчүнө кирген Жарандык кодекстин жаңы редакциясын негиз катары карап, арызды кабыл алганга болбой турганын билдирген.
Канышай Мамыркулова өз арызында Бишкек шаарынын мэрине талапкер Азиз Суракматовдун мамлекеттик тил боюнча сынагы мыйзамсыз өткөнүн көрсөткөн. Журналисттин жүйөсүндө, өкмөттүн 2017-жылдын 13-июлундагы №430 токтомунун негизинде, сынакты окумуштуулардан турган комиссия эмес, "Кыргызтест" өткөрсө мыйзамдуу болмок.
Бул кырдаалга жооптуу катары Мамыркулова өкмөттү, Мамлекеттик тил комиссиясын, БШКны, "Кыргызтест" мекемесинин жоопкерчилигин кароону жана мэрге талапкердин тил сынагынын жыйынтыгын мыйзамсыз деп таанууну өтүнгөн болчу.
Быйыл 26-июлда мэр кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташ үчүн комиссия түзүлгөн. 31-июлда Бишкек шаардык кеңешинде жалгыз талапкер Азиз Суракматов сынактан өтүп, комиссия бир добуштан "ал кыргыз тилин билет”деген чечим чыгарган.
8-августта мэр шайлоо атаандашсыз өтүп, шаардык кеңеш көпчүлүк добуш менен Азиз Суракматовду ушул кызматка шайлады. (BkA)