Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегияда каралган иш-чараларды ишке ашыруунун каражатын такташ керек. Бул тууралуу Туруктуу өнүгүү боюнча кеңештин жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, буга чейинки 2017-жылга чейин өнүгүү стратегиясында каралган бир катар иш-чаралар каражаттын жоктугунан улам ишке ашпай калды.
Ошондуктан Сулайманов убада берүүдөн мурун аны кайсы каражатка жана кантип ишке ашырса болоорун тактап алуу зарыл экенин белгиледи.
“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда эки маселе: 2040-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы жана 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы талкууланууда.
Буга чейинки президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн 2017-жылга чейинки стратегиясы иштелип чыккан. Кийин бул документ 2040-жылга чейин болуп кайрадан иштелип чыккан.
Сооронбай Жээнбеков президенттикке киришкен соң Кыргызстанды 2018-2040-жылдарда туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиянын жаңы долбоору иштелип чыкканы кабарланган. (BkA/EBM)