Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:02

Караколдун мэрин иштен кетирүү демилгесин өкмөт башчы колдобогонун айтты


Караколдун мэри Данияр Арпачиев.
Караколдун мэри Данияр Арпачиев.

Каракол шаарынын мэрине ишенбестик көрсөтүү тууралуу шаардык кеңештин сунушун премьер-министр колдогон жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Данияр Арпачиев өзү билдирди.

Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул чечим тууралуу маалымат келип түшө элек экенин билдирди.

Буга чейин 31-июлда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары көпчүлүк добуш менен ишенбестик көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алышкан эле. Депутаттар мындай кадамды мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иштери канааттандыраарлык болбогону менен түшүндүрүшкөн.

Сессияда кабыл алынган чечим өкмөт башчыга жиберилген. Мэр Арпачиев депутаттардын мындай чечимин "саясий себеп” менен түшүндүргөн.

Караколдун мэри Данияр Арпачиев кызматка 2016-жылдын февралында кеңештеги көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген.

Каракол шаардык кеңешинде беш фракциядан 31 депутат бар. (AsM)

XS
SM
MD
LG