Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:21

Газни шаарында талибдер менен кармаш уланууда


Газни шаарынан бир көрүнүш.
Газни шаарынан бир көрүнүш.

Ооганстандын Газни шаары үчүн өкмөттүк күчтөр менен “Талибан” кыймылынын согушкерлеринин ортосунда айыгышкан кармаш төртүнчү күн катары менен уланып жатат.

Ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Нажиб Даниш аймакка кошумча күч жөнөтүлгөнүн билдирди. Ооганстандын расмий өкүлдөрү АКШнын атайын күчтөрү аба соккуларын жана жөө аскерлердин операцияларын координациялоого жардам берип жатканын айтышты. Бирок Американын армиясы азырынча бул маалыматты ырастай элек.

Газни шаары ооган баш калаасы Кабул менен Кандагар шаарын бириктирген негизги кан жолдун боюнда жайгашкан. Коргоо министрлиги калаадагы административдик мекемелер өкмөттүк күчтөрдүн карамагында экенин айтты.

"Талибан" кыймылы 270 миң киши жашаган Газнидеги чабуулун өткөн жума күнү баштаган. Ал күнү согушкерлердин басымдуу бөлүгү шаардан сүрүлүп чыкканы кабарланганы менен кармаш токтой элек.

Баш-аягы 100дөй ооган аскери жана полиция кызматкерлери мерт болгону, "Талибан" кыймылы да ондогон согушкеринен айрылганы кабарланып жатат.

XS
SM
MD
LG