Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Сания Шакированын жакындары сот чечимине нааразы


Сания Шакирова.
Сания Шакирова.

Автокырсыктан каза болгон “Дүйнөнүн сулуу айымы” конкурсунун байге ээси Сания Шакированын энеси сот чечимине нааразы. Бул тууралуу Насипа Мамбеталиева Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Ысык-Көл облустук соту Шакирова түшкөн автоунаанын айдоочусунун бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып жиберди.

Мындай чечимге маркумдун ата-энеси нааразы болуп өлкө жетекчилигин көңүл бурууга чакырышты.

2-июнда болгон жол кырсыгында “Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" сынагынын байге ээси Сания Шакирова каза таап, айдоочуну кошкондо эки адам жабыркаган. Каргаша Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында болгон. Сания Шакирова жана анын таанышы түшкөн таксинин айдоочусу автоунааны башкара албай, жолдун четиндеги мүрзөнүн дубалын сүзгөнү айтылган.

Буга чейин милиция кырсыкка кабылган автоунаанын айдоочусу мас абалында болгонун кабарлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG