Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

Түркия валюта маселесин чечиш үчүн "бардык чараларды" көрөт


Стамбулдагы акча алмаштыруучу жайлардын бири.
Стамбулдагы акча алмаштыруучу жайлардын бири.

Түркия лиранын курсу төмөндөп жаткан шартта финансылык туруктуулукту камсыз кылыш үчүн "бардык керектүү чараларды" көрөт. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук банкы 13-августта билдирип, өлкөдөгү банктарга тиешелүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.

Бир күн мурда түрк финансы министри Берат Албайрак өкмөт валюта базарындагы олку-солку абалды жөнгө салуунун планын иштеп чыкканын айткан эле.

Дүйшөмбү күнү лиранын АКШ долларына карата курсу кайрадан рекорддук төмөнкү чекке түштү. Учурда бир АКШ доллары 6,8 лирага бааланууда. 2-июлда бир АКШ доллары 4,6 лира, ал эми 1-январда 3,7 лира болуп жаткан.

Лиранын наркы кетишине АКШ менен Түркиянын мамилесиндеги соңку чыңалуу да таасирин тийгизди. 10-августта АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйтө турганын билдирген. Анкара Вашингтондун бул кадамына жооп кайтараарын айткан.

Мындан тышкары АКШ Түркияда үй камагында отурган америкалык пастор Эндрю Брансонду бошотууну талап кылып, аны "кармоодогу ролу" үчүн эки түрк министрине санкция салган.

XS
SM
MD
LG