Түркиянын Эрзурум шаарында өткөн фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Сербия, Украина сыяктуу отуз өлкөдөн 89 спортчу катышты. Анда спортчулар көкбөрү, жаа тартуу жана башка салттуу спорт түрлөрү боюнча өнөрүн көрсөттү. Ошондой эле фестивалда кол өнөрчүлөрдүн эл аралык көргөзмөсү уюштурулуп, кыргыз боз үйлөрү тигилди.
Фестивалды Түркиядагы Этноспорт конфедерациясы уюштурду. Конфедерация 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Ал сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. (ELB)