Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Хаменеи: Ирандагы каатчылыкка "туура эмес башкаруу" себеп болду


Аятолла Али Хаменеи Тегерандагы жыйында. 13-август, 2018-жыл.
Аятолла Али Хаменеи Тегерандагы жыйында. 13-август, 2018-жыл.

Ирандын рухий көсөмү аятолла Али Хаменеи өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга АКШнын кысымынан мурда "туура эмес башкаруу" себеп болуп жатканын билдирди. Анын өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу айткан сөздөрүн мамлекеттик телеканалдар 13-августта көрсөтүштү.

- АКШнын санкцияларынан мурда экономиканы туура эмес башкаруу карапайым ирандыктарга көбүрөөк кедергисин тийгизди. Жакшыраак башкаруу жана пландоо аркылуу биз санкцияларга туруштук бере алабыз, - деп билдирди Хаменеи.

Вашингтон Тегеран менен дүйнөнүн алты державасы кол койгон өзөктүк келишимден май айында чыгып кетип, жакында мурда токтотулган санкцияларды кайра киргизгенден бери Иранда экономикалык каатчылык күчөдү. Улуттук валюта - риалдын куну 2015-жылдан бери биринчи жолу кескин төмөндөп кетти. Ирандын бир катар шаарында кымбатчылыктан улам нааразылык акциялары өткөнү кабарланды.

Хаменеи дүйшөмбү күнү Тегерандагы миңдеген адам катышкан жыйында сүйлөгөн сөзүндө риалдын наркын жоготушу чоң маселе экенин белгилеп, коррупцияга жол берген адамдар жазаланышы керек экенин кошумчалады.

Соңку бир канча аптада Иранда коррупцияга каршы атайын операциялар өткөрүлүп, анын жыйынтыгында 67 киши камакка алынган жана жүзгө жакынына өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG