Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Рублдин курсу көтөрүлө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус рублинин курсу дүйшөмбү күнү кайрадан эки жыл мурдагы төмөнкү чегин көрсөттү. 13-августта Москвадагы биржа ачылганда 1 АКШ доллары 68 рублден ашты. Евронун курсу да мурдагы көрсөткүчүнөн бир рублге жогору болду.

Рублдин куну кетишине АКШнын санкциялары негизги себеп катары каралууда. Орусиянын улуттук валютасы америкалык айрым сенаторлордун Москвага каршы жаңы санкцияларынын долбоору маалымат каражаттарына жарыялангандан тартып төмөндөй баштады. Ал долбоордо Орусиянын мамлекеттик банктарына доллар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мунай тармагында колдонулуучу жабдуулардын экспортуна тыюу салуу сыяктуу чаралар камтылган.

Өткөн жумада АКШнын Мамлекеттик департаменти Британияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипал менен анын кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу Москвага каршы жаңы санкциялар киргизилерин билдирген. 22-августта күчүнө кире турган ал чараларга ылайык электроника, газ турбиналарынын кыймылдаткычтары сыяктуу АКШда чыгарылган технологиялык жана өндүрүштүк жабдууну Орусияга экспорттоого тыюу салынат.

Расмий Кремль АКШнын али күчүнө кире элек санкцияларын "мыйзамсыз" деп атаган. Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Американын жаңы санкцияларынын чоо-жайы белгилүү болгондо гана аларга жооп кайтарыла турганын айтты.

XS
SM
MD
LG