Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Кытай уйгурлардын укуктары тууралуу билдирүүлөрдү четке какты


Шинжаңдын Хотан шаарындагы базар.
Шинжаңдын Хотан шаарындагы базар.

Кытайдын мамлекеттик медиасы Шинжаң аймагында уйгур азчылыгынын укугу бузулуп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, тескерисинче, коопсуздук күчтөрү аймакта "чоң трагедиянын" алдын алганын билдирди. "Global Times" гезитинин 13-августта кытай жана англис тилдеринде жарыялаган макаласы Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмунун комитетинде үч күн мурда айтылган билдирүүлөргө жооп катары каралууда.

"Шинжаң аймагы "Кытайдын Сириясы" же "Кытайдын Ливиясы" болуп калуудан кутулду", - деп айтылат мамлекеттик гезиттин макаласында.

10-августта БУУнун Расалык дискриминацияга каршы комитети Кытайдагы уйгур жарандарынын абалына "терең тынчсыздануусун" билдирген. Комитеттин Женевадагы жыйынында Кытайда миңдеген уйгурлар "экстремизмге каршы борборлордо" жана "кайра тарбиялоочу лагерлерде" кармалып турганы айтылган. Ошондой эле Кытайдын уйгурлар жашаган аймагы "туткундардын ири жайына" айланып баратканы белгиленген.

Улуттар Уюмунун эркин эксперттерден турган комитетинин маалыматы боюнча, Шинжаңда кармалган уйгур жана мусулман азчылыктарынын көбүнө расмий түрдө айып тагылган эмес же соттук териштирүү болгон эмес.

Кытай бийлиги Шинжаң аймагында жергиликтүү уйгурлар менен кытайлардын ортосуна от жагууну көздөгөн исламчыл согушкерлердин жана жикчилдердин коркунучу күч экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG