Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:43

Армениянын экс-президенти Кочарян үй камагына чыгарылды


Роберт Кочарян.
Роберт Кочарян.

Армениядагы апелляциялык сот мурдагы президент Роберт Кочаряндын бөгөт чарасын карап, аны тергөө абагынан үй камагына чыгарууну чечти. Бул тууралуу анын адвокаты Рубен Саакян "Азаттыктын" армян кызматына билдирди.

Еревандагы сот адвокаттардын Кочаряндын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызын өткөн аптанын аягында карай баштаган. Анын чечими дүйшөмбү күнү жарыяланды. Экс-президентти камактан бошотууга армян парламентинин 46 депутаты кепилдик берген.

Роберт Кочарян июль айынын соңунда камакка алынган. Ага 2008-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки 10 адамдын өмүрүн алган нааразылык акцияларына байланыштуу "конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган" деген айып тагылган. Экс-президент саясий куугунтукка кабылганын айтып жатат.

Арменияда апрелдеги элдик толкундоодон кийин бийлик башына келген Никол Пашиняндын өкмөтү май айынан бери ири антикоррупциялык өнөктүк жүргүзүп келет. Андан бери мурдагы президент Серж Саргсяндын бир тууган иниси сыяктуу бир катар таасирдүү адамдарга кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG