"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин кире беришиндеги гранит таштар оодарылып, бузулганы белгилүү болду. Музей жетекчилиги ал аймак кечке жуук Улуттук гвардиянын кайтаруусуна өткөрүлүп берилерин, окуя ошол кезде болгонун айтат. Улуттук гвардия талкаланган гранит тосмону бейитке зыяратка келгендер кокустан улам унаасы менен сүзүп алганын, аны ошол замат кайра калыбына келтиргенин кабарлады. Деген менен адистер аталган комплекске карата мындай кайдыгер мамиле биринчи жолу болуп жатпаганын айтып жатышат.
"Ата-бейиттин" сынын кетирген жагдайлар

1
Окуя Ата-Бейит мемориалдык комплексинин Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата орнотулган эстеликтин кире беришинде, Улуттук гвардиянын 701-аскер бөлүгүнүн казармасына жакын жерде болгон. Бузулган жер кайра чала-була чампаланып, калыбына келтирилгени көрүнүп турат.

2

3

4

5

6
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 140ка жакын сталиндик репрессиянын курмандыктары көмүлгөн. Кийин ал жайга улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, апрелчи баатырлардын сөөгү коюлуп, эскерме жасалган. Ал эми 2016-жылы Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына карата жалпы курулушу 136 миллион сомдук эстелик орнотулган.