Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Норвегиялык министр талаштуу жеке сапарлары үчүн иштен кетти


Норвегиянын Балыкчылык иштери боюнча министри Пер Сандберг.
Норвегиянын Балыкчылык иштери боюнча министри Пер Сандберг.

Норвегиянын Балыкчылык иштери боюнча министри Пер Сандберг өкмөттү кабардар кылбастан Иран жана Кытайга жеке максатта барганы үчүн 13-августта кызматтан кетти. Ал өкмөт башчынын кеңсесине маалымат бербей туруп, июль айында Иранга, майда Кытайга барып келгенин мойнуна алды. 58 жаштагы саясатчы ошондой эле бул сапарлары маалында жумуш телефонун өзү менен кошо ала жүргөнүн кошумчалады.

Норвегияда өкмөт мүчөлөрү өз алдынча кайсы өлкөгө барбасын, бул тууралуу өкмөткө маалымат бериши керек. Ошондой эле аларга Норвегия менен коопсуздук тармагында кызматташпаган өлкөлөрдө өкмөттүн телефондорун колдонууга тыюу салынган.

Санберг Ирандан келгенден кийин ага телефонун чалгын кызматына өткөрүп берүү ташырмасы берилген. Атайын кызмат аппаратты текшерип чыкмакчы.

Норвегияда Иран, Кытай жана Орусия "тыңчылык кылышы мүмкүн" деген өлкөлөрдүн тизмесине киргизилген.

Пер Сандберг Норвегиядагы иммиграцияга каршы саясатты жактаган "Прогресс" партиясынын төрага орун басары. Ал өкмөттүн протоколун эмне үчүн бузганын түшүндүргөн жок.

XS
SM
MD
LG