Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:18

Экологиялык таза өндүрүмгө улуттук бренд иштелип чыгат


Кыргыз балы, Бишкек.
Кыргыз балы, Бишкек.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экологиялык жактан таза өндүрүмгө улуттук бренддердин стандартын иштеп чыгууну сунуш кылды.

Өкмөт башчы Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү үчүн ишканаларды колдоо максатында экологиялык жактан таза өндүрүмгө “кыргыз эти” “кыргыз сүтү”, “кыргыз алмасы”, “кыргыз балы”, “кыргыз жаңгагы” сыяктуу улуттук бренддерди эл аралык стандарттарга дал келгидей иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди.

Мындан сырткары, ал чет жактарда элчиликтер үчүн экспорттун үлүшү, инвестициялардын тартылышы, туристтерди алып келүү сыяктуу критерийлерди киргизүү оң натыйжа берерин кошумчалады.

Учурда кыргыз балы Кытайда жана Катарда сатылып жатат. Мындан сырткары ишкерлер мөмө-жемиштин кагын Европа базарына алып чыгууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG