Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:08

Улуттук банк: доллардын курсуна байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок.

Бул тууралуу Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, акыркы күндөрү доллардын курсунун жогорулашына АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда.

- Дал ушул факторлор сомдун курсуна таасирин тийгизүүдө. Бирок бул убактылуу нерсе. Кыргызстанда суроо-талап менен сунуш тең салмакталган. Биз абалды талдап жатабыз. Биздин улуттук валютанын курсу кескин түрдө төмөндөп же жогорулап кетпеши үчүн Кыргызстандын акча-насыя саясатынын алкагында керектүү чаралар көрүлөт, - деди Карабаева.

Кечээ Кыргызстанда доллардын курсунун көтөрүлгөнү байкалган. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 68.96 сом болсо, акча алмаштыруу жайларда 69.50 сомдон сатылууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG