Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:14

"Аю Холдингдин" вице-президенти Бишкек мэриясынын аппаратын жетектейт


Балбак Түлөбаев.
Балбак Түлөбаев.

Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри болуп ишке киришкен соң мэриянын жооптуу кызматкерлери дайындала баштады. Баш калаанын мэриясынын аппарат жетекчилигине Балбак Түлөбаев дайындалды. Бул тууралуу Түлөбаев "Фейсбуктагы" баракчасына жазып чыкты. Балбак Түлөбаев буга чейин “Аю Холдинг” ишканасынын вице-президенти болуп иштеп келген.

Ал эми биринчи вице-мэрдин милдетин Алмаз Бакетаев аткара тургандыгын айрым маалымат агенттиктери жазып чыкты. Мэриянын басма сөз кызматы бул маалыматты ырастай элек. Алмаз Бакетаев буга чейин финансы министринин орун басары, Борбордук казыналыктын башчысы болуп эмгектенип келген.

Буга чейинки биринчи вице-мэр Ренат Макенов жер мыйзамын бузууга байланыштуу шектүү катары УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Бүгүн Бишкектин жаңы шайланган мэри Азиз Суракматов кызматка киришти. Аны шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен 8-августта мэрликке шайлашкан.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү Суракматов курулуш тармагындагы бизнеске ээлик кылып келгенин жүйө келтирип, "мэрлик кызматты өз кызыкчылыгына колдонушу мүмкүн" деп нааразылыгын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG