Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

БУУ: ИМ тобунда дале 20-30 миң жоочу бар


Сириянын согушта талкаланган Дейр-эз-Зор шаары. 2-ноябрь, 2017-жыл.
Сириянын согушта талкаланган Дейр-эз-Зор шаары. 2-ноябрь, 2017-жыл.

Өзүн "Ислам мамлекети" атаган террор тобу жеңилгени тууралуу маалыматтарга карабастан, анын катарында дале 20-30 миңдей жоочусу бар. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун 13-августта жарыяланган баяндамасында айтылат.

БУУ мынча жоочу Сирия менен Иракта калганын, арасында кыйла чет өлкөлүк жарандар бар экенин белгилейт. Ошол эле маалда бул террор тобунун Ооганстандагы жоочулары көбөйгөнү, алардын саны 3500-4000ге жетери болжолдонууда.

Абу Бакр аль-Багдади жетектеген "Ислам мамлекети" тобунун Ливияда, Түштүк-Чыгыш Азияда жана Батыш Африкада да колдоочулары бар.

Бул террор тобу 2014-жылы Ирак менен Сириянын басымдуу бөлүгүн басып алган. 2018-жылдын январына карай жоочулар эки өлкөдөгү ири шаар-кыштактардан сүрүлүп, ушул тапта Сириянын аз гана бөлүгүн кармап турганы айтылат.

Улуттар Уюмунун баяндамасына ылайык, жоочулар "Сириянын аймагында дагы эле чабуул коюуга алы жетет, Ирактагы кайсы гана аймак болбосун толук көзөмөлү жок, бирок анын айрым уюктары аракеттенүүдө".

Эксперттердин баамында, Ирак менен Сириядагы террорчуларга сырттан келүүчү жоочулардын агымы токтогону менен алардын кайра өз мекенине кайтышы күтүлгөндөн жай жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG