Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Тажикстандан мыйзамсыз ташылган дары-дармек кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен дары-дармек ташыган адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, 5-августта Баткендин Кызыл-Жол айылынан 75 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал башкарып келе жаткан “Мерседес” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаадан 5 миң куту стрептоцид, 1 миң 100 куту линкомицин жана 400 куту амарил салынган 46 таңгак дары-дармек табылган. Текшерүү учурунда лары-дармектин Тажикстандан ташылып келе жатканы жана керектүү документтери жок экени аныкталган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG