Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга байланыштуу үч офицерге айып тагылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова билдирди. Анын айтымында, учурда аталган офицерлердин бөгөт чарасы каралганы жатат.
Буга чейин "Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылган. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун жана уставга жат иштерге барганын билдиришкен.
Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланууда. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") боюнча кылмыш ишин козгогон.
"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, жоокерлердин абалына көңүл бурууга чакырган.
Президент Жээнбеков аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга алып келген себептерди иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырган.
Жоокерлерди мазактоо окуясы коомчулукка жарыяланган соң Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынып, офицер кызматтан четтетилгени, иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.