Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:55

Гербдин автору Асеин Абдраев каза болду


Кыргызстандын герби.
Кыргызстандын герби.

Кыргызстандын гербинин авторлорунун бири, сүрөтчү Асеин Абдраев 70 жашында каза болду. Бул тууралуу Нарын шаарынын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, Абдраев узакка созулган оорудан улам 13-августта көж жумду. Маркумду акыркы сапарга узатуу аземи 16-августта Нарын шаарында өтөт.

Асеин Абдраев 1948-жылы Нарын районундагы Ак-Чий айылында туулган. 1969-жылы Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1980-жылы Алматыдагы Абай атындагы университетти бүткөн.

1994-жылы милициянын генералы Садырбек Дубанаев менен бирге Абдраев Кыргыз Республикасынын гербин тартышкан.

Асеин Абдраев Нарын облустук драма театрында башкы сүрөтчү, Нарын райондук балдар көркөм өнөр мектебинде мугалим, директор болуп эмгектенип келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG