Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Италияда көпүрө кырсыгынын курмандыктары көбөйүүдө


Ураган Моранди көпүрөсү. 14-август, 2018-жыл.
Ураган Моранди көпүрөсү. 14-август, 2018-жыл.

Италиянын Генуя шаарындагы көпүрө кырсыгынан өлгөндөр 30 кишиге жеткенин Транспорт министрлиги билдирди. Жабыркаган сегиз киши ооруканага жеткирилди.

Куткаруучулар дале урандыларды аңтарып, адамдарды издеп жатышат.

Моранди көпүрөсү үйлөрдүн жана темир жолдун үстүнөн өтөт. Анын темир жолдун үстүндөгү, жарымынан көп бөлүгү урап түшкөн. Өтүп бараткан автоунаалар да кошо кулаган.

- Кеминде эки жүк ташуучу унаа, эки жеңил машине кулаганын көрдүм, – деди Кузано аттуу күбө.

Моранди көпүрөсү 1960-жылдары курулган, бийиктиги 50 метр.

Кырсыктын кесепети иликтене баштады.

XS
SM
MD
LG