Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Өзбекстан: сүйүшкөн жаштар поездге боюн таштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 17 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигит поезддин алдына боюн таштап, жашоо менен кош айтышты. Алардын сөөгү ишемби күнү жерге берилген.

Жакындары кыздын атасы экөөнүн никесине каршы болушканын билдирип жатышат.

"Кыз быйыл 11-класска көчкөн. Экөө бири-бирине ашык эле. Бирок туугандарынын бири кыз менен жигиттин бирге болушуна караманча каршы болду. Көпчүлүк "булардын өз өмүрүнө кол салышына ошол эле себеп болду" деп жатат. Бул бүтүндөй айыл үчүн чоң кайгы болду" деди Кумкыштактагы маркумдардын айылдашы. Ал атын атоону каалаган жок.

Сурхандарыянын темир жол полициясы окуяны ырастап, жаштарды жүк ташуучу поезд токтой албастан тебелеп кеткенин билдирди. Учурда "Өз өмүрүнө кол салууга жеткирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Өзбекстанда поездге боюн таштаган окуялар сейрек эмес. Үч жыл мурда да сүйүшкөн эки жаш, андан мурдараак эки окуучу курбу кыздар ушундай жорукка барып мерт болушкан.

XS
SM
MD
LG