Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Жогорку сот мурдагы мэр Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт

Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов.
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов.

Жогорку сот Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Анын айтымында, сотко Ибраимовдун бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп адвокаты кайрылган.

30-июлда Бишкек шаардык соту баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Буга чейин Биринчи май райондук соту Ибраимовду тергөө бүткөнчө, 29-августка чейин камакта кармоо жөнүндө чечим чыгарган. Адвокат Сергей Слесарев экс-мэрди камакта калтыруу тууралуу чечим мыйзам бузуу менен кабыл алынганын билдирген.

Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айыпталып жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов "Дастан” ишканасынын жетекчиси болуп турганда "270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деп айыпталып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG