Биринчи май райондук соту Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга байланыштуу айыпталып жаткан үч офицердин бөгөт чарасын карайт.
Бул тууралуу “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова “Азаттыкка” кабарлады. 14-августта шаардык милициянын убактылуу тергөө абагына камалган офицерлерге айыбы угузулган.
Буга чейин "Азаттыкка" Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылган. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун жана уставга жат иштерге барганын билдиришкен.
Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланып жатат. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") менен кылмыш ишин козгогон.
Бул окуяга президент Сооронбай Жээнбеков да реакция кылып, жоокерлерди мазактагандарга чара көрүүнү тапшырган.
Жоокерлерди мазактоо окуясы коомчулукка жарыяланган соң Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынып, офицер кызматтан четтетилгени, иликтөө жүрүп жатканы кабарланган.(КЕ)