Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу ишти прокуратура көзөмөлүнө алды


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

“Азаттыктын” иликтөөчү журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөөнү прокуратура органдары көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Сүйүнбек Мунайтбасов билдирди:

- Бул ишти Башкы прокуратура да көзөмөлүнө алган. Азыркы убакта соттук-медициналык корутундунун негизинде прокуратура иш козгоого уруксат берип жатат. Облустук прокуратура иликтөө жүргүзүш үчүн көзөмөл иретинде 9-августта материалды суратып алып караган. Мындан сырткары ар бир эс алуу жайын ачарда сактоочуларды ишке алып, көлдүн жээги изилденет, чек коюлат. Ошолор жок экен. Бул боюнча да Экотехинспекцияга тапшырма берилди, алар корутунду чыгарып берет.

Мунайтпасовдун айтымында, көрүстөндөгү коррупция боюнча тартылган материалга байланыштуу Улан Эгизбаевдин дарегине айтылган коркутуу, бош каттын келиши да иликтенип жатат. Буга юридикалык баа бериш үчүн материалдар Ленин райондук милициясына жөнөтүлдү.

Буга чейин Эгизбаевдин өлүмүнүн себептерин иликтөө бир айга узартылган.

Уланбек Эгизбаев 22-июлда 28 жаш курагында каза болгон. Милиция ал Ысык-Көлдө сууга чөгүп кеткенин билдирген. Анын өлүмүнүн себептерин иликтеген соттук-медициналык экспертизанын акыркы жыйынтыгы бир ай ичинде чыгышы керек. Маркумдун туугандары күнөөлүү адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG