Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Кара-Кулжада күйдүргүнүн белгилери менен 12 адам оорукана жаткырылды


Кара-Кулжа. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Кулжа. Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Кулжа районунда 12 адам күйдүргүнүн белгилери менен ооруканага жаткырылды. Бул кабарды Саламаттык сактоо министрлиги тастыктады.

Анын маалыматына ылайык, сөз болуп жаткан кишилер уйдун этин жешкен. Учурда бардык анализдер алынып, текшерилүүдө. Ал эми оорунун белгилери чыккан кишилердин абалына дарыгерлер көз салууда.

XS
SM
MD
LG