Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:58

Жети айда өрттөн 36 киши каза болду


Таластагы Алмалуу коругунда чыккан өрт. 6-август, 2018-жыл.
Таластагы Алмалуу коругунда чыккан өрт. 6-август, 2018-жыл.

Быйыл жети айда Кыргызстанда 2215 өрт кырсыгы катталып, 36 адам каза болду. Бул сан былтыркыга караганда 7,8 пайызга көп.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттөн 25 адам жабыркаса, өрт өчүргүчтөр 43 адамдын өмүрүн сактап калды.

Тилсиз жоонун негизги себептери катары электр жабдыктарын туура эмес колдонуу, отко абайлабай мамиле кылуу көрсөтүлгөн.

Өрттүн көбүнчөсү үйлөрдөн чыккан.

Аймактар боюнча алып келгенде Чүй облусу жана Бишкек шаарында эң көп өрт катталган.

Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт кырсыктарынын алдын алыш үчүн коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG