Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Путин жакын арада Ким Чен Ын менен кездешүүгө даяр


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сингапурдагы жолугушууда. 12-июнь, 2018-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Сингапурдагы жолугушууда. 12-июнь, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга куттуктоо телеграммасын жиберип, жакын арада аны менен жолугууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Пхеньяндын мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.

Телеграммада Путин Ким Чен Ынды Корей жарым аралынын жапон баскынчылыгынан кутулушунун 73 жылдыгы менен куттуктаган.

Ага чейин Путинге Пхеньяндан жиберилген телеграммада бул тарыхый окуя менен куттуктоо айтылып, бирок жолугушуу тууралуу сөз болгон эмес.

Түндүк Кореянын лидерин Орусияга чакырууну Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 31-майда Пхеньянга барганда Ким Чен Ынга тапшырган.

Эки лидер 11-13-сентябрда Владивостокто өтчү Чыгыш экономикалык форумунда жолугушуусу мүмкүн. Жапон президенти Синдзо Абэ менен Кытайдын лидери Си Цзинпин форумга катышууга макулдугун беришкен.

Июнь айында Сингапурда Ким Чен Ын менен АКШнын президенти Дональд Трамп жолугушкан.

XS
SM
MD
LG