Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Токтакунов: Казакстан Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүүнү көздөп жатат


Муратбек Тунгышбаев.
Муратбек Тунгышбаев.

Казакстандын Башкы прокуратурасы камактагы жарандык активист Муратбек Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүү боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өтүнүч жиберди.

Бул тууралуу Тунгышбаевдин Кыргызстандагы адвокаты Нурбек Токтакунов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Тунгышбаевге буга чейин Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 405-беренеси ("Экстремисттик уюмдун ишине катышуу") боюнча айып коюлган. Коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы учурда аны 256-беренеге ("Терроризмге үгүттөө же терроризмге ачык чакырык таштоо") өзгөртүүнү суранууда.

Адвокат биринчи берене боюнча айыпталуучуну үч жылга чейин соттоо каралса, экинчи берене боюнча 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн экенин билдирди.

Жактоочу Токтакунов Кыргызстандын Башкы прокуратурасын казак тараптын суранычын канааттандырбоого чакырды.

25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Тунгышбаевди экстрадициялоо боюнча Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Кыргызстан активистти 26-июнда Казакстанга өткөрүп берген.

Муратбек Тунгышбаев казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Астана аны бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт.

Буга чейин "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму кыргыз бийлигин Тунгышбаевди Казакстанга өткөрбөөгө чакырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG