Эсеп палатасынын аудиторлору Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги финансылык мыйзамдар бузулган учурларды аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады. Анын маалыматына ылайык, университеттин жооптуу адамдары бюджеттик жана атайын каражаттарды мыйзамсыз колдонушкан.
Андан тышкары окуу жайы окуу акысы үчүн каражаттарды негизсиз жогорулаткан фактылар аныкталган.
Аудиттин жыйынтыгы менен университеттин жетекчилигине мыйзам бузулган учурларды оңдоо үчүн эскертүү берилди. Табылган фактылар укуктук баа бериш үчүн Бишкек шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү.(BkA)