Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Кыргызстандыктар Курман айтка карата төрт күн эс алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандыктар Курман айт майрамына байланыштуу төрт күн эс алат. Эс алуу күндөрүн жылдыруу жөнүндө токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, 2018-жылдын 22-сентябрындагы эс алуу күнү 20-августка которулду. Кыргызстандыктар 18-19-20-21-август күндөрү эс алмай болду.

Мусулмандардын Курман айт майрамы 21-августта белгилене турганын Муфтияттын басма сөз кызматы кабарлаган. Айт намазы эски аянтта окулат.

Курман айт - мусулман коомчулугунун ири майрамы. Аны белгилөө күнү айдын чыгышына карап аныкталат.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG