Орусиянын президенти Владимир Путин Австриянын тышкы иштер министринин үйлөнүү үлпөтүнө катышат. Бул тууралуу австриялык медиалар жазып, маалыматты кийинчерээк Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ырастады.
Анын айтымында, Путин Берлинге баратып, үйлөнүү тоюна кире кетет. Германияда орус лидери канцлер Ангела Меркел менен жолугат.
Австриянын ТИМинин башчысы Карин Кнайсль финансист жана ишкер Вольфганг Майлингерге турмушка чыгат. Кнайсль оңчул популист Эркиндик партиясынан министр болгон. Бул партия орусиячыл позициясын жашырган эмес, ал түгүл кызматташуу боюнча “Бирдиктүү Орусия” менен келишимге кол койгон.
2018-жылы Карин Кнайсль австриялык "Kurier" гезитине интервью берип, Крымдын аннексиясынан жана Украинанын чыгышындагы жаңжалдан улам Орусияга каршы киргизилген санкциялар натыйжалуу болбогонун айткан.
Владимир Путиндин сапарына байланыштуу үйлөнүү үлпөтүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Атайын кызматтар көзгө атарларды да тартууга ниеттенип жатышат. Той ишемби күнү Штириядагы шарап чарбасында өтөт.
Акыркы жолу Путин Австрияга быйыл июнь айында барган. Бул анын жаңы президенттик мөөнөттөгү алгачкы чет өлкөлүк сапары болгон.
Пикирлерди көрүңүз (1)
дагы пикирлерди жүктөө