Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Жол коопсуздугун камсыз кылуу тармагын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жол коопсуздугун камсыз кылуу тармагын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Анын курамына Коопсуздук кеңешинин катчысы, өкмөт аппаратынын, Ички иштер министрлигинин тармактык бөлүмүнүн, жарандык сектордун өкүлдөрү жана эркин эксперттер кирди.

Топту саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов жетектейт. Буга байланыштуу буйрукка президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Досалы Эсеналиев кол койду. Жумушчу топ жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча түзүлгөн кырдаалды, ички иштер органдарынын тиешелүү кызматтарын жана бөлүмдөрүн оптималдаштыруу жана реформалоо боюнча көрүлгөн чараларды, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын алдыңкы тажрыйбасын иликтеп чыгат. Анын натыйжасында сунуштарды даярдап, президенттин кароосуна киргизет.

Быйыл 19-июлда президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык коом менен болгон жолугушуусунда Тамерлан Ибраимов жол кыймыл коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн. Анда мамлекет башчы бул маселе боюнча жумушчу топ түзүү максатында ага аналитикалык маалымат киргизүүнү сунуш кылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG