Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:17

Алматы соту Дамирбек Асылбек уулунун абактагы мөөнөтүн узартты


Дамирбек Асылбек уулу.
Дамирбек Асылбек уулу.

Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун камактагы мөөнөтүн 15-октябрга чейин узартты.

Ал быйыл 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон.

Алматы соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жаранды – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакировду камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Казак бийлиги кармалгандардан "чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет" деп шек санаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.

Жамбыл облустук прокуратурасы буга чейин “Азаттыктын” казак кызматына Дамирбек Асылбек уулунун кайда экенин жарыялоодон баш тарткан. Облустук прокуратура Кылмыш-процессуалдык кодексине таянуу менен тергөө бүткөнгө чейин ачыкка чыгарылбай турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG