Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Трамп Бреннанды купуя маалыматтарды алуу укугунан ажыратты


Жон Бреннан.
Жон Бреннан.

АКШнын президенти Дональд Трамп мурдагы президент Барак Обаманын тушунда Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчилигине келип, былтыр кызматтан кеткен Жон Бреннанды купуя маалыматтар менен таанышуу укугунан ажыратты.

Бул тууралуу АКШ президентинин басма сөз катчысы Сара Сандерс кабарлады. Трамп мындай чечимге барышын Бреннан жашыруун маалымат алуу укугунан пайдаланып, анын администрациясына “башаламандык жаратып келген" деп түшүндүрдү.

Сандерс АКШнын президенти дагы бир нече жогорку даражалуу аткаминерди ушундай укуктан ажыратууну көздөп жатканын билдирди.

"Кара тизмеге" кабылышы мүмкүн деп эсептелгендердин арасында былтыр президент Трамп кызматтан алган Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) директору Жеймс Коми да бар. Ал Трампты "президент болууга моралдык жактан татыксыз" деп мүнөздөгөн. Ак үй билдиргендей, Комиден тышкары Обаманын тушунда Улуттук чалгын кызматын жетектеген Жеймс Клэппер, президенттин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Сюзан Райс, ФБРдин жетекчисинин мурдагы орун басары Эндрю Маккейб жана Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы башчысы Майкл Хейден да санкциялык тизмеге түшүп калышы мүмкүн.

Жон Бреннан Борбордук чалгын агенттигин 2013-2017-жылдары башкарып турган. Буга чейин Беннон президент Трампты бир нече жолу сындап, орус лидери Владимир Путиндин Хелсинкидеги саммитине каршы чыгып, Трампты "Путиндин чөнтөгүндө калды" деп айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG