Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

"Жоокерлерге зомбулук көрсөттү" деген офицерлер бир айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузууга байланыштуу үч офицер бир айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Буга чейин "Азаттык" радиосуна Кой-Таш аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунда кызмат өтөп жаткан айрым жоокерлердин ата-энелери арыз менен кайрылган. Алар жетекчилик быйыл жазында армияга чакырылган жигиттерди башка бирөөлөргө жалдап бергенин, кара жумушка салганын, ур-токмокко алып, мазактап-кордогонун жана уставга жат иштерге барганын билдиришкен.

Учурда жоокерлердин бири Бишкектеги республикалык психикалык саламаттык борборунда дарыланып жатат. Бишкек гарнизондук прокуратурасы окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси ("Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу") менен кылмыш ишин козгоп, үч офицерге айып тагылган.

Бул окуядан соң президент Сооронбай Жээнбеков аскердик бөлүктөгү мыйзамды жана тартипти бузуунун себептерин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырган.

Жоокерлерди мазактоо тууралуу коомчулукка жарыяланган соң Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүнүн командири Болот Көчкөнов кызматтан алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG