Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Папан суу сактагычына чөккөн адамдын сөөгү табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен 38 жаштагы адамдын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Анын маалыматына ылайык, ал адам суу сактагычка 14-август күнү кечинде түшүп кеткен. Маркумдун сөөгүн издөө иштери эки күн бою жүрүп, 14 куткаруучу тартылган. Жыйынтыгында бүгүн эртең менен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Расмий маалымат боюнча, быйыл жыл башынан бери 80ден ашуун киши сууга чөгүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сууга түшүүдө коопсуздук эрежелерине көңүл бурууга чакырып келет. (BkA)

XS
SM
MD
LG