Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Коррупция менен күрөш эсебине 345 миллион сом түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн каражаттар топтолчу бирдиктүү эсепке 345 млн. 63,5 миң сом келип түштү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, топтолгон каражаттын ичинен 143 миллион сомду Экономикалык кылмыштар менен күрөш боюнча мамлекеттик кызмат, 141 миллион сомду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, 59 миллион сомду Башкы прокуратура жана 5 33 миң сомду Ички иштер министрлиги которгон.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтош үчүн эсеп ачууга буйрук берген.

Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Бийлик мындай жол менен коррупция менен күрөштө ачык-айкындыкты камсыз кылууну көздөдү.

XS
SM
MD
LG