Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Бишкектеги мектептердин даярдыгы текшерилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө. Бул үчүн шаардын мэриясы атайын комиссия түзгөн. Анын курамына шаар бийлигинин, укук коргоо органдарынын, санитардык көзөмөл мекемесинин өкүлдөрү кирген.

Комиссия мектептердин окуу жылына даярдыгын, коопсуздук чараларын текшерет.

Мэриянын маалыматы боюнча мектептерди оңдоого 130 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Жалпысынан Бишкектеги мамлекеттик мектептер 75 миң 975 окуучуга ылайыкташкан. Бирок иш жүзүндө 147 миңден ашык окуучу билим алып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG