Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

Көрүстөндөгү жер сатуунун мыйзамдуулугун прокуратура текшерет


Бишкектин жанындагы көрүстөндөрдүн бири.
Бишкектин жанындагы көрүстөндөрдүн бири.

“Азаттыктын” маркум кабарчысы Уланбек Эгизбаев жүргүзгөн “Көрүстөндөгү коррупция” журналисттик иликтөөсүндөгү фактыларды Бишкек шаардык прокуратурасы текшерет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратура кабарлады.

Башкы көзөмөл органы “Азаттыктын” иликтөөсүндө айтылган Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнүндөгү жер тилкелерин сатуунун мыйзамдуулугун текшерүү шаардык прокуратурага тапшырылганын маалымдады.

Буга чейин “Азаттык” радиосу маркум журналист Уланбек Эгизбаев көзү тирүүсүндө жасаган журналисттик иликтөөдөгү фактыларды текшерүүнү өтүнүп менен Башкы прокуратурага кайрылган болчу.

“Көрүстөндөгү коррупция” телепрограммасы быйыл 30-майда чыккан. Анда Бишкекте көптөн бери түйшүк жаратып келаткан көрүстөн маселеси козголуп, кабырларды сатуу бизнеске айланып кеткени айтылган.

Бул көрсөтүү коомдо кызуу талкуу жаратып, Уланбек Эгизбаев менен программада интервью берген Бишкектеги ритуалдык кызматтын мурдагы кызматкери Максат Баялиевге бош конверттер келген эле.

Кийинчерээк бул конверттерди Эгизбаев менен Баялиевди “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун адвокаты жибергени дайын болгон.

Курч иликтөөлөрү менен белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев болсо 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн маалда каза болгон.

Экспертизанын баштапкы жыйынтыгында 28 жаштагы журналист көлгө чөгүп кеткени айтылган. Бирок Эгизбаевдин өлүмү боюнча толук экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы жакын арада чыгары күтүлүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG