Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:54

Сот Ким Чен Намдын өлүмүнө айыпталгандарды бошотуудан баш тартты


Ким Чен Намдын өлүмүнө айыпталгандардын бири вьетнамдык Доан Тхи Хуон сотко баратат. 9-октябрь, 2017-жыл. Куала-Лумпур.

Малайзиянын соту "Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын агасын өлтүрдү" деп айыпталып жаткан эки аялдын адвокаттарынын өтүнүчүн четке какты. 26 жаштагы Индонезия жараны Сити Айсиа менен 29 жаштагы Вьетнам жараны Доан Тхи Хуонгдун адвокаттары сотко аларды актоону өтүнүп кайрылышкан.

16-августта Шах-Алам шаардык соту прокуратура аялдардын күнөөсүн бышыктаган жетиштүү далилдерди тапканын жана алардын негизинде эки аял «абдан жакшы уюштурулган кутумга барган» деген жыйынтык чыгарса болорун билдирди. Адвокаттар эки аял кылмышка өздөрү билбей аралашып калганын айтышкан.

Чет өлкөдө жашап, бир тууганына сын айткан Ким Чен Нам былтыр 14-февралда Куала-Лумпур аэропортунда киши колдуу болгон. Айыптоочулардын версиясына караганда эки аял Ким Чоң Намдын бетине уулуу затты чачып кетишкен. Аялдардын күнөөсү толук далилденсе, алар өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Малайзиянын бийлиги бул кылмыштын артында Түндүк Кореянын бийлиги турат деп билдирген.

XS
SM
MD
LG