16-августта АКШда 330дан ашуун маалымат каражаттары эркин басма сөздү колдоп, президент Дональд Трамптын журналисттерди “жалган жаңылыктарды таратат" жана "Америка элинин душманы” деп айтканына жооп кылып, акция өткөрүштү.
“Boston Globe” гезитинин демилгесине "Нью-Йорк Таймс" басылмасы баштаган чоң жана чакан маалымат каражаттары, анын ичинде Трамп шайлоодо жеңген штаттарда чыккан гезиттер дагы кошулду.
“Boston Globe” гезитинин редакциясы 15-августта чыккан санына Трамп “басма сөзгө такай чабуул коюп жатканын” айтып сындаган. Гезиттеги макалада “Американын күчү анын сөз эркиндигинен көз каранды” экени айтылат.
Сөз экриндигин коргогон акцияга The Guardian сыяктуу чет элдик басылмалар да кошулду.
2017-жылдын февралында Трамп маалымат каражаттарын «жашыруун булактарга таянып, жалган кабар таратат» деп катуу сындаган. Ал маалымат каражаттарынын ишмердигине жана сөз эркиндигине эч кандай каршы эмес экенин, таза журналистиканы колдоорун айткан. Америкалык президент жашыруун булактарга таянып маалымат таратууга тыюу салууну сунуш кылган. Ошол эле маалда Трамп сөз эркиндигин коргоого АКШнын Баш мыйзамы кепилдик бергенин эскерткен журналисттерди да сындаган.