Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Ошто жоголгон кыздар алты күндөн кийин Бишкектен табылды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Ош облусунун Кара-Суу районунан жана Ош шаарынын Учар айылынан жоголгон кыздар алты күндөн кийин, 16-августта Бишкек шаарынан табылды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка караганда, 9-класска көчкөн 14 жаштагы курбулар 10-августта Ош шаарынан жолуккан. Туугандары ошол бойдон алардын дайынын таппай калган. Милиция кыздар Бишкектин “Жал” кичи районунан аман-эсен табылганын кашумчалады. Алардын кайда, эмне кылып жүргөнү тууралуу маалымат айтылган жок.

Буга чейин ушул 13 жана 12 жаштагы эки кыз Бишкектен жоголуп Оштон табылган. Кыздар үй-бүлөсүнө таарынып, Ошко такси менен кетип калганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG